• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ташкентте кезектеги каржы пирамидасы аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Өзбекстанда дагы бир каржы пирамидасы уюштурулуп, ага жүздөгөн адам алданганы белгилүү болду. Бул тууралуу жергиликтүү Хабар.уз сайты жазды.

Басылманын маалыматына караганда, үч жүзгө жакын кишиге үй жана унаа алып берүүнү убада кылган Rayona Qutlug аттуу каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири акчаны алып, чет өлкөгө качып кеткен.

Жабырлануучулар орто эсеп менен ар бири автоунаа үчүн 4-5 миң доллар, үй үчүн 15-17 миң доллардан төлөгөнү, бул тууралуу алардын үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары кабардар эместигин билдиришкен.

2022-жылдын 10-январында каттоодон өткөн Rayona Qutlug жоопкерчилиги чектелген коомуна карата Ташкент шаарынын Мирабад райондук милициясы кылмыш ишин козгоду.

Пикир

Оставить комментарий