• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ташкентте Кыргызстан менен Кувейттин ТИМ башчылары жолукту. Талкууланган маселелер

Саясат 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Кувейттин тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Абдулла Али Аль-Яхья жолугушту, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Тараптардын жолугушуусу "Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" Стратегиялык диалогу форматындагы тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынынын алкагында 14-апрелде Ташкентте өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду бекемдөө үчүн, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле эл аралык жана аймактык кырдаалдын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Министр Жээнбек Кулубаев кувейт тарапты ушул жылдын июль айында Ысык-Көлдө пландаштырылган Борбор Азия жана Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши өлкөлөрүнүн Инвестициялык форумуна активдүү катышууга чакырды.

Өз кезегинде министр Абдулла Али Аль-Яхья чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө үчүн ушундай аянтчаларды колдонуу зарылчылыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий