• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

ТИМдин кызматкерлеринин 80 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин 80 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министринин кеңешчиси Алмазбек Асанбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, министрликте аллергиясы бар, өнөкөт оору менен ооругандар, коронавируска чалдыккан кызматкерлер гана вакцина алышкан жок.

“Министрликтин ичинде жамааттык иммунитет пайда болду деп эсептейм. COVID-19 инфекциясынын жайылышын токтотуу максатында министрликтин борбордук аппараттын, анын карамагындагы уюмдардын жана чет өлкөдөгү мекемелердин кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү жүрүп жатат. Ошондой эле 144 дипломатыбыз вакцина алды. Кызматкерле “Спутник V”, “Синофарм” жана AstraZeneca вакциналарын алууда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий