• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тогуз-Тородо карыянын малын уурдоого шектелип 20 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Тогуз-Торо районунда карыянын малын уурдоого шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Тогуз-Торо районунун 74 жаштагы Райымжан аттуу тургуну арыз менен милицияга кайрылып, 14-сентябрга караган түнү Каргалык айыл аймагынын Коён-Токой участкасынан эки баш уй, бир баш кунаажын жана эки баш торпогу уурдалганын билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурулук”) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тергөө тапшырмасы берилип, тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам иш-чаралар башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Тогуз-Торо районунун 20 жаштагы А. у. Н. аттуу тургуну кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүүнүн башка дагы кылмыш иштерге катыштыгы бар-жогун аныктоо максатында тийиштүү ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий