• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Толукбек Ажыбаев Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-июлда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Толук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер - Ажыбаев Толукбек Бектурсунович жана Куракеев Абдыракман айылдык кенештин депутаттар тобу тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган.

Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кенешинин 11 депутатынан 9 депутаты катышты. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 17-июлдагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Т. Ажыбаев 9 добуш, талапкер А. Куракеев 0 добуш алышкан.

2020-жылдын 17-июлундагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык Ажыбаев Толукбек Бектурсунович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.

Пикир

Оставить комментарий