• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Товардык кампа күбөлүктөрүн колдонуу кредиттик ресурстарга жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды. 3-окуудагы мыйзам долбоору боюнча Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев баяндама жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү менен иш жүргүзгөн ишкерлерге мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталган жаңы финансылык инструментти киргизүү, адистешкен товардык кампанын ээси тарабынан берилүүчү кампа күбөлүктөрүн колдонуу аркылуу кредиттик ресурстарга жетүүнү камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Бул мыйзам долбоору экилтик кампа күбөлүгүн, анын бөлүктөрүн – кампа күбөлүгүн жана күрөө күбөлүгүн, жөнөкөй кампа күбөлүгүн берүүгө байланыштуу келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салууну, ошондой эле продукцияны кампада сактоого кабыл алуучу товардык кампалардын, жөнөкөй жана экилтик кампа күбөлүктөрүн кармоочулардын жана ыйгарым укуктуу органдардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салууну карайт.

Баяндамачынын айтымында, мыйзам долбооруна редактциялык мүнөздөгү келип түшкөн сунуштар эске алынган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий