• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Баткенде контрабандалык жүк ташыган унаа конфискацияланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.22. /Кабар/. Баткенде контрабандалык жүк ташыган унаа конфискацияланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-октябрында Баткен облусундагы Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде И.К.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кармалып, анын ичинен көп сандагы “насвай” табылып алынган.

Аталган фактынын негизинде КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 9-ноябрында Баткен райондук соту тарабынан И.К.А. күнөөлүү деп табылып, унаасын мамлекетке чегерүү чечими чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий