• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК Кыргызстан аркылуу Казакстанга мыйзамсыз миграция уюштуруу каналын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын чек арасы аркылуу Казакстанга чет өлкөлүк жарандарды системалуу түрдө мыйзамсыз алып өтүү менен алектенген адамдардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда УКМКнын кызматкерлери Чек ара кызматы менен биргеликте Ысык-Ата районунун аймагында Кыргызстандын чек арасынан Казакстанга мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Пакистан Ислам Республикасынын 3 жаранын “S.M.”, “A.L.” жана “K.A.”, ошондой эле бул мыйзамсыз миграциянын туруктуу каналынын уюштуруучулары Эл аралык медициналык университеттин Медицина факультетинин 5-курсунун студенти Пакистандын “U.N.” аттуу жаранын жана Кыргызстандын “Т.Э.Т.” аттуу жаранын кармашты.

Мындан тышкары, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасына Пакистан Ислам Республикасынын 3 жаранын турист катары киргизген мыйзамсыз миграциялык каналдын кошумча катышуучулары аныкталды, алар да тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган.
Уюштуруучулар Пакистандын жарандарын Казакстанга өткөрүү үчүн 1700 АКШ долларына чейин каражат алышканы аныкталды.

УКМК тарабынан КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети боюнча Пакистандын үч жаранына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде кылмыш иши козголду.

Мыйзамсыз миграцияны уюштуруучуларга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (“Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу”) негизинде кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Пакистандын 7 жараны 2 айлык мөөнөткө КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына камалды.

Учурда мыйзамсыз миграциянын бул туруктуу каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий