• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.12.23./Кабар/. Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери кармалды, деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Саламаттыкты сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча МСЭКтин мүчөлөрү тарабынан майыптык тобун аныктоо үчүн майыптардан туруктуу негизде акча талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Араван районунун аймагында МСЭКтин мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу жана алуу боюнча 22 факты катталып, алдын ала эсептөөлөр боюнча бир кабыл алуу күнүндө түшкөн акчанын жалпы суммасы 60-70 миң сомду түзгөнү такталды.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында МСЭКтин төрагасы А.А.М. жана комиссиянын мүчөлөрү Ч.Э.А. жана Ж.М.З. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий