• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл драма театрына жаңы директор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрына Улубек Маратов директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.

Аталган театрдан билдиришкендей, бүгүн жаңы дайындалган жетекчини министрликтин өкүлү, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек кызы Венера тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий