• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ысык-Көлдө "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылды — УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ысык-Көл облустук ИИБ Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кылмыш ишинин алкагында 2024-жылдын 30-январында "Хизб ут-Тахрир" уюмунун "Жети-Өгүз" ячейкасынын активдүү мүчөлөрү 11 адамдын жашаган жеринде соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзүлгөн (А.у.М., Б.К.К., Б.у.Ж., Т.А.Д., А.А.А., Ж.у.Э., К.А.Т., М.А.О., А.у.Э., Ж.Н.Ч., А.М.А., И.у.У. жана А.М.Д. аттуу КР жарандары).

Жогорудагы адамдардын жашаган даректеринен “Хизб ут-Тахрир” уюмуна таандык түрдүү китепчелер, диний дептерлер, уюлдук телефондор табылган.

Ошондой эле ДЭУнун бир мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылган, алар экстремисттик маанайдагы материалдар басылып, ДЭУнун мүчөлөрүнө таратылган.

Учурда керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий