• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан ТИМи Өзбекстандын жарандары үчүн виза тариздөө шарттарын айтып берди

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын жарандары үчүн виза тариздөө шарттарын айтып берди.

Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстандын аймагында жүрүү жаңы эрежелерине ылайык, чет мамлекеттердин жарандары, анын ичинде Өзбекстандын жарандары узак мөөнөткө туруу үчүн тийиштүү категориядагы визаны тариздеши зарыл.

Министрлик Кыргызстан өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга ылайык, визаларды тариздөө үчүн төмөнкү тарифтер колдонуларын эскертет: 6 айга чейин - 10 АКШ доллары, 1 жылга чейин – 20 АКШ доллары АКШ түзөт.

Мындан тышкары, Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын визасын «электрондук виза» порталы аркылуу өлкөдөн чыгууну талап кылбастан жол-жоболоштурууга мүмкүнчүлүк алышат.

Портал аркылуу визаларды тариздөө үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу өтүү зарыл: www.evisa.e-gov.kg көрсөтүлгөн документтердин пакетин берүү менен:

«Туугандар визасын» тариздөө үчүн (КР жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө):

  • Өзбекстан жаранынын паспорту;
  • Кыргыз жаранынын ID-картасы;
  • туугандыгын тастыктаган документ (нике күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
  • Кыргызстан жаранынын арызы;
  • иштеген жеринен эмгек акысы жөнүндө маалымкат же Кыргызстандын жаранынын материалдык абалы жөнүндө башка документ.

Материалдык абалы жөнүндө документ катары чет өлкөлүк жарандын Кыргызстандын аймагында жүрүүсүн материалдык жактан камсыз кылууга кепилдик берүү жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн милдеттенмени берүүгө боло тургандыгына көңүл бурабыз.

КР жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө визаларды тариздөө боюнча башка кошумча талаптар, анын ичинде банк эсебинде милдеттүү түрдө 50 миң сом же башка сумма болуу шарты коюлган эмес.

Кыргызстандын визаларын тариздөө айланасында ар кандай чайкоочулуктардын көбөйүшү менен КР Тышкы иштер министрлигинин визалык иштер секторунун төмөнкү расмий байланыш телефондору боюнча гана консультация жана түшүндүрмө алуу үчүн кайрылууну өтүнөт: +996 312 66-30-70; +996 703 42 88 65 же: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 10, дареги боюнча.

Ошондой эле министрликтин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылууга болот: Ош шаары, Ленин көчөсү, 318, +996 3222 7 09 68, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү, 178, +996 3722 5 00 40.

Белгилей кетсек, жалпыга маалымдоо каражаттарында Өзбекстан жарандарына Кыргызстандын визасын тариздөө шарттары тууралуу туура эмес маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий