• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстанда президенттин расмий символдору киргизилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Мындан ары Өзбекстан президентинин расмий символдору – төш белгиси жана штандарты болот. Тиешелүү мыйзамга Шавкат Мирзиёев 25-октябрда кол койгон.

"Өзбекстан Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнүн негизги кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга ылайык, инаугурация учурунда мамлекет башчыга төш белги жана штандарт - президенттик туу тапшырылат.

Өзбекстанда президенттин символдору өлкө эгемендүүлүк алгандан 30 жыл өткөндөн кийин киргизилүүдө.

Штандарт президенттин катышуусундагы бардык маанилүү иш-чараларда, ант берүү аземи учурунда, президенттик резиденциялардын имарат жана кеңселеринде көтөрүлөт. Президенттин төш белгиси элдин жана коомдун ишенимин далилдеп турат.

Мыйзамга ылайык, президенттик төш белги менен штанттардын түшүндүрмөсүн, аларды расмий түрдө колдонуу тартибин президент аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий