• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 623 учур катталды. Жалпы 30 миң 820

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 30 миң 820 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 623 жаңы учур катталды. Ал эми 726 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 22 миң 42 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 194 бейтап каза болду. 8 миң 582 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 378 адамдын абалы оор болсо, 386сынын абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий