• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаңы жыл түнү Кыргызстандын аймагында 19 жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.01.24./Кабар/. Жаңы жыл түнү Кыргызстандын аймагында 19 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, андан 22 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Андан тышкары, 2023-жылдын 31-декабрына карата республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 434 маалымат жана кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 3 кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий