• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында 200 батирлүү ипотекалык турак жай курулат

Аймак 0

Бишкек, 03.05.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарында 200 батирлүү ипотекалык турак жай курулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, үй куруу үчүн шаардын Спутник кичи районундагы Манас көчөсүндө жайгашкан муниципалдык жердеги гараждар мэрия тарабынан буздурула баштады.

Буга чейин муниципалдык жердеги унаа токтотуучу жайлардын ээлерине жерди бошотуу тууралуу эскертүүлөр берилген. Бирок, жарандар эскертүүлөргө баш ийген эмес.

“Аталган жердин жалпы аянты 1,07 гектарды түзөт. Жалал-Абад шаардык мэриясы мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте бул жайга 200 батирлүү көп кабаттуу үй курууну пландап жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ал жерде 277 гараж бар. Гараж ээлери ушул мезгилге чейин ижара акы төлөгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий