• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында 5 маршруттук каттамдын ордуна автобустар жүрө баштады

Аймак 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында № 108, 109, 110, 103, 104 маршруттук каттамдардын ишмердүүлүгү токтотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жогоруда аталган маршруткалардын ордуна калаага келген жаңы автобустар жана электробустар толугу менен жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын аткарууга өттү. Ал эми калган маршруттук каттамдар экинчи этапта каттамдан алынат.

Жалал-Абад шаардык муниципалдык автобазасынын жетекчиси Афтандил Максутов билдиргендей, калаа аймагында жүргүнчүлөрдү тейлөөгө автобустар жетиштүү. Алар 8-10 мүнөт аралык менен каттап жатат.

Пикир

Оставить комментарий