• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Ысык-Ата" курортун реконструкциялоо сентябрга чейин бүткөрүлөт — Туманбаев

Коом 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Президенттин тапшырмасы менен Ысык-Ата курортун реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери башталды. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштерин ушул жылдын сентябрь айына чейин бүтүрүү пландалууда.

"Аталган курортто өлкөбүз эгемендикке ээ болгон жылдардан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргөн эмес, ошондуктан көпчүлүк жерлери урап калган. Быйылкы жылдын эсебинен президентибиздин колдоосу менен профсоюздар федерациясынан өткөн объекттерден “Ысык-Ата” курортун оңдоо актуалдуу. Негизинен туристерди тарта турган жана салган каражатты тез актай турган объект болмокчу. Ал эми башка объекттерди оңдоо иштерин акырындык менен инвестициялык жана башка каржы булактарынын негизинде баштайбыз", - деди ал.

Анын айтымында, аталган пансионаттын аймагындагы бардык имараттар оңдолуп, заманбап медициналык жабдуулардын келиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий