• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында “Мыкты класс жетекчи – 2021” сынагы жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Мыкты класс жетекчи – 2021” сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Ага шаардык билим берүү бөлүмү жана мектеп мугалимдери катышты.

18 катышуучунун арасынан гран-прини №14 Сатыбалды Давлетов атындагы инновациялык мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Советбек Төрөканов жеңип алды. Ал мугалимдик кесипти 20 жылдан бери аркалап келет. Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан персоналдык компьютер тапшырылды.

Ал эми 1-орунду №5 Бекмамат Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын математика мугалими Умсунай Сартмырзаева ээ болду. Ага Жалал-Абад Курорт санаториясына 10 күндүк жолдомо ыйгарылды.

Экинчи орунга №2 К.Закиров мектебинин мугалими Рабия Сангилова, №1 М.Бабкин мектебинин мугалими Нурсида Урбаева жана №19 И Сатибаев мектебинен Айгерим Абдукалилова ээледи. Үчүнчү орунга №4 мектебинин мугалими Гүлмайрам Умарова, №10 Т.Кошматов мектебинен Айжамал Кайназарова, №16 Э.Арапбаев мектебинин мугалими Гулмайра Казбекова, №18 “Манас 1000” мектебинин мугалими Калдаркан Усенова татыды.

Калган катышуучуларга да ар түрдүү номинациялар ыйгарылып, бардык мугалимдер кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий