• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Күн мурун Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылы орун алган коогалаңда каза болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эскертүү иш-чарасына президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Замирбек Сыдыков, район тургундары жана каза болгон жарандардын жакындары катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус жетекчиси Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланарын белгиледи. Ыйгарым укуктуу өкүл өлкө бүтүндүгү, элдин эркиндиги үчүн өз жанын аябаган аксылыктардын эрдиги эч качан унутулбастыгын айтты.

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө маркумдардын элесине арналып орнотулган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

Эске салсак, 2002-жылдын 16-17-март күндөрү орун алган Аксыдагы коогалаңда 6 киши окко учуп, 20дан ашууну жараат алган.

Пикир

Оставить комментарий