• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында рактын алдын алуу боюнча акция өтөт

Аймак 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы саламаттык сактоо мекемелеринин, аймактык башкармалыктардын жана тийиштүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйында рак оорусунун алдын алуу, жарандарды сергек жашоо образына үндөө, ар бир жаран жылына бир жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүү сыяктуу маселелер талкууланды.

Жыйында айтылгандай, 2022-2023-жылдары Жалал-Абад шаары боюнча рак менен ооруган 80ден ашуун адам каттоого алынган.

Белгилей кетсек, 4-февраль - Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнү карата 5-февралдан 10-февралга чейин Жалал-Абад шаарында рактын алдын алуу боюнча акция уюштурулат.

Анын алкагында төмөндөгү даректер боюнча аялдар жатын жана көкүрөк безинин рагы боюнча акысыз текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин кеңешин алса болот:

  • 1. №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.
  • 2. Репродуктивдүү борбору.
  • 3. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы.

Пикир

Оставить комментарий