• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен колго түштү

Коом 0


Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Кечээ, 28-апрелде Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу кызмат бөлүмүнүн (САКБ) кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу О.Т.О. Сузак районунун тургунунан Кылмыш-жаза кодексинин 370-беренеси (“Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбоо”) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча коркутуу жолу менен кредитордук карызды өндүрүү маселеси боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 20 миң сом жана 500 доллар акча каражатын талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу кызмат бөлүмүнүн кызматкери О.Т.О пара алып жаткан жеринен кармалды. Кармоо учурунда аталган кызматкер активдүү каршылык көрсөткөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, көрсөтүлгөн жаран кармалган. Ал Сузак райондук милициясынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий