• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбеков: Бишкекте жана бардык облустук борборлордо заманбап клиникалар курулат

Президент 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Бишкекте жана бардык облустук борборлордо заманбап клиникалар курулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү максатында жарандарды кабыл алууга ачылган күндүзгү стационарга барган учурда билдирди.

Президент Бишкек мэриясы борбор калаанын аймагынан заманбап комплекстүү клиника куруу үчүн жер тилкесин караштырып жатканын айтты.

«Стационарлар, албетте, убактылуу объектилер, алар мындан аркы кырдаалга жараша иштейт. Азыркы кырдаал калктын саламаттыгына кандай коркунуч бар экендигин көрсөтүүдө. Комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу өзгөчө азыркы кырдаалда курч сезилүүдө. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап оорукана куруу үчүн каражат бөлүүгө кызыкдар инвесторлор бар», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков

Пикир

Оставить комментарий