• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Европа жана БА стратегия жана операциялар боюнча директору менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азиядагы стратегия жана операциялар боюнча директору Мариам Шерман менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдире.

Ал «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук Форумдун ишине катышуу үчүн Кыргызстанга келген.

Жолугушууда кызматташуунун келечеги, өлкөдө жасалып жаткан, анын ичинде регионалдык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банк өлкөнү өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө активдүү колдоо көрсөткөн ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи.

Кыргызстанда региондорду өнүктүрүү орто мөөнөттүү мезгилдеги негизги милдет катары караларын баса белгилеп, Дүйнөлүк банктын «Региондорду комплекстүү өнүктүрүү» долбоорун иштеп чыга баштагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Дүйнөлүк банктын «Келечек үчүн билим берүү» долбоору жана билим берүү мекемелерин реконструкциялоо боюнча долбоору бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган улуттук билим берүү системасына олуттуу колдоо болот деген үмүтүн билдирди.

Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азиядагы стратегия жана операциялар боюнча директору Мариам Шерман Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөнүн келечеги үчүн чоң мааниге ээ болгон «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук форумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Форумду өткөрүү жакшы идея экенин, анткени анда жаңы приоритеттерди аныктоо боюнча пикир алмашуу үчүн натыйжалуу диалогдук аянтча түзүлгөнүн белгиледи.

Ал донорлор өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү маселесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин шыктануусун көрүшкөнүн жана өлкөнүн Өкмөтү менен бул багытта тыгыз иштешүүгө үмүтүн билдирди.

Мариам Шерман Дүйнөлүк банк аймактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоорун жана Ош облусунда «Региондорду интегралдуу өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу боюнча пландары тууралуу айтып берди. Ийгиликтүү ишке ашса, аталган долбоор Кыргызстандын башка региондорунда да ишке ашырыла турганына ишендирди.

Жолугушууга Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Дүйнөлүк банктын аймактык директору Лилия Бурунчук жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар катышышты.

Пикир

Оставить комментарий