• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт башчысы премьерликтен качан кетээрин айтты

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 4-август /Салтанат Абдраева - Кабар/. КСДП партиясынан президенттикке талапкер учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн кыргыз тилинен сынактан өттү. Ал 94,6 балл алды.

Журналисттер премьер өкмөт башчы кызматынан качан кете турганына кызыгышты.

Жээнбеков министрлер кабинетинин башчысы кызматынан кетерин убада кылды. Бирок так күнүн айткан жок.

Премьер бул ал президенттикке талапкер катары катталган соң боло турганын белгиледи.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий