• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңеште Жаныбек Абировдун катышуусундагы мушташты иликтей турган комиссия түзүлдү — курамы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-марттагы жыйынында депутат Жаныбек Абировдун катышуусундагы мушташ боюнча окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына тогуз эл өкүлү кирди:

- “Ыйман нурунан” Замирбек Мамасадыков;
- “Бүтүн Кыргызстандан” Айгүл Айдарова;
- “Ишенимден” Бахридин Шабазов;
- “Ата-Журт Кыргызстандан” Медер Саккараев;
- “Мекенчил” тобунан Жусупбек Коргонбай уулу;
- “Альянстан” Фархат Алимжанов;
- “Ынтымактан” Мурадил Сыдыков;
- “Элдик” тобунан Бакытбек Чойбеков;
- Дастан Бекешев.

Эскерте кетсек, 12-мартта милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 03:30дар чамасында Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде белгисиз адамдар анын денесине залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылып, ага "мээнин жабык жаракаты" диагнозу коюлган.

Ошол эле учурда бир катар ЖМКлар мушташкандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош экенин жазган.

Көп өтпөй депутат Жаныбек Абиров Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирип, кечирим сураган.

Башкы прокурор депутат Жаныбек Абировду жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештен макулдук сураган.

Пикир

Оставить комментарий