• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жолдордун күз-кыш мезгилинде даярдыгы 93,2 пайызды түзөт

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жолдордун күз-кыш мезгилине даярдыгы 93,2%ды түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилине 144 миң 101,2 тонна инерттик материалдар жана ошондой эле күйүүчү-майлоочу майлардын запасы даярдалды.

"Быйыл республикада автомобиль жолдорундагы жаратылыш кырсыктарынан келтирилген зыян 65 млн сомдон ашык болду. Азыркы күндө сел агымдарынан тазалоо боюнча аткарылган иштердин көлөмү 30 771,9 млн сомдон ашты, автомобиль жолдорунда убактылуу өтүүлөр камсыздалды. Ошондой эле Кара-Кече автожолунун 37 чакырым участкасында убактылуу автожолду куруу иши бүтүп, баардык авто транспорттун жүрүүсүнө шарт түзүлдү", - деп билдирди Базаралиев.

Пикир

Оставить комментарий