• 88.68
  • 95
  • 0.95

Зулушев: Бүгүнкү күндө прокуратура системасында коррупция дээрлик жокко эсе

Коом 0

Бишкек, 31.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын учурунда прокуратура системасындагы коррупциянын бар-жогу тууралуу суроого жооп берди.

“Бүгүнкү күндө прокуратура системасында коррупция дээрлик жокко эсе десем болот. Бирок бар, толук жок деп айта албайм. Кызматка орношуудагы акча алуу, тааныш менен кызматка коюу деген жок. Былтыр комиссия эки жолу алмашып, үч баскычтан турган сынак аркылуу 184 кызматкерди кабыл алдык. Быйыл 82си кызматка расмий киришти”, - дейт ал.

Зулушев прокуратурада жетекчилик кызматка коюуда коррупция жок экенин айтып, ал бир гана коллегиянын чечими менен ишке ашарын кошумчалады.

“Ал эми сотко катышкан иштер, текшерүүлөр боюнча мындй көрүнүштөр бар. Бир иш боюнча төрт кызматкерге кылмыш иши козголуп, экөө камакта. Дагы ушундай фактыларды текшерип жатабыз”, - деди башкы прокурор.

Пикир

Оставить комментарий