• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2022-жылы Кыргызстандын банкттарынын кирешеси 23 млрд сомдон ашкан

Экономика 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Өткөн жылы Кыргызстандагы коммерциялык банктардын таза кирешеси 23 млрд 178 млн 543 миң сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 6,5 эсеге көп болду. Мындай маалыматтар Улуттук банктын отчетунда келтирилген.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы өлкөнүн коммерциялык банктарынын кирешеси 3 млрд 588 млн 392 миң сомду түзгөн. Пайданын активдүү өсүшү өткөн жылдын март айында башталып, өткөн жылга салыштырмалуу 3 эсеге өскөн. Апрель айында 4 эсе, май айында 4,5 эсе, ал эми июнь айында беш эсе өсүшкө жетишилген.

Мында өткөн жылдын 12 айында банктардан алынган кредиттерден түшкөн киреше 26%га, ал эми операциялык киреше дээрлик 5 эсеге өскөн. Операциялык кирешенин негизги бөлүгү валюталык операциялардан түшкөнүн белгилей кетүү маанилүү.

Пикир

Оставить комментарий