• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2022-жылы “Манас” бажысы 7,1 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогулткан

Экономика 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. 2022-жылы “Манас” бажысы 7,1 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

"Манас" бажысында акыркы 6 жыл ичинде бажылык кирешелердин динамикасы:

2017-жылы 4,1 млрд сом;

2018-жылы – 5,7 млрд сом;

2019-жылы - 3,7 млрд сом;

2020-жылы - 2,5 млрд. сом;

2021-жылы - 3,7 млрд сом;

2022-жылы - 7,1 млрд сом.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 74,3 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыздалып, белгиленген план 100,8%га аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий