• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

9 айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 9,4 млрд долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-август айларында 9,4 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималива билдириди.

Анын айтымында, бул 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 27,3 пайызга көп, ал эми экспорт жеткирүүлөр 46,7 пайызга, импорттук түшүүлөр 23,3 пайызга өстү.

"2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2,7 миллиард АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 10,1 пайызга азайды. Мында экспорттук жеткирүүлөр 0,7 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 14,1 пайызга төмөндөдү", - деди ал.

Керималиева белгилегендей, 2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,6 пайыз) жана Казакстанга (32,1 пайыз) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий