• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Облус башчысы Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн абалын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 06.02.23./Кабар/. Бүгүн, 6-февралда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн абалын текшерди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалматка ылайык, Сыргабаев Ю. Абдырахманов жана борбордук Ленин көчөсүндөгү инфраструктуралык абал, жол жээгиндеги архитектуралык курулуштар, жана санитардык тазалыктын сакталышын карады.

Облус башчысы аталган көчөлөрдө тургундарга жаралган бир катар кемчиликтерди белгиледи. Бул багыттагы калаа мэринин жана шаардагы коммуналдык кызматтын жетекчилеринин ишин сынга алды. Жол жээгиндеги курулуштардын менчигинин түрүнө карабай архитектуралык талапка ылайык келтирүү, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын эскертип, аткаруу боюнча белгилүү мөөнөт коюп, тапшырманын аткарылышын жеке көзөмөлүнө алаарын айтты.

Өкүл кыдыруунун жүрүшүндө шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жер асты өтмөгүнүн абалын карады. Жергиликтүү бийликке өтмөктү оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, жакынкы аралыкта курулушундагы кемчиликтерди жөнгө салууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий