• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ак-Суу районунун Каракол айылдык милиция бөлүмчөсү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Ак-Суу районунун Каракол айылында милиция боөлүмчөсү ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган милиция бөлүмчөсү 4 айыл өкмөттү, 11 айылды жана 22 миң 478 адамдын коомдук коопсуздук маселелерин көзөмөлдөйт.

Салтанаттуу иш-чарага район акими, ОИИБ жетекчиси, райондук милиция болумунун кызматкерлери, ветерандар, жергиликтуу бийлик окулдору, айыл тургундары катышты.

Аталган бөлүмдүн курулушуна Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2 млн 340 миң сом, Каракол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 64 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жалпы 2 млн 404 миң сом сарпталды. Куруу иштери толугу менен бир жарым айда бүткөрүлүп, ишке берилди.

Пикир

Оставить комментарий