• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров Азербайжандын премьер-министринин орун басарын кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азербайжандын премьер-министринин орун басары Али Ахмедов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын өз ара сапарларынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча аракеттердин бирдейлигин текшерди.

"Өткөн жылы биздин лидерлердин өз ара сапарларынын жыйынтыгы биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты динамикалуу өнүктүрүү үчүн керектүү негиз түздү", - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумдарынын маанилүүлүгүн белгилеп, "өз ара аракеттенүүнүн бул форматы - өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууну чыңдоо жана илгерилетүү үчүн эффективдүү аянтча болуп саналат", деп белгиледи.

Мындан тышкары, министерлер кабинетинин башчысы Бишкек менен Бакунун ортосунда үзгүлтүксүз түз авиакаттамдарды ачууга, ошондой эле инвестициялык жана туризм тармагындагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Азербайжан-Кыргыз Фондунун күтүлүп жаткан практикалык ишке кириши эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка жаңы дем берет, деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Азербайжандын премьер-министринин орун басары Али Ахмедов Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин атынан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго саламын айтты.

Ошондой эле ал эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча долбоорлорду колдоого даяр экендигин билдирип, жогорку деңгээлдеги сапарлардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өтүү ниетин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий