• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров «Экономика жогорку мектеби» Улуттук изилдөө университетинин ректорун кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Экономика жогорку мектеби» Улуттук изилдөө университетинин ректору Никита Анисимовду кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда билим берүү, академиялык жана илимий изилдөөлөр тармагындагы кызматташтык, атап айтканда, билим берүү системаларынын интеграциясы жана өз ара аракеттенүүсү, экономика жана финансы тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу маселеси, Кыргыз Республикасында Университеттин филиалын ачуу келечеги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий