• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Акылбек Жапаров Улуттук банктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улуттук банктын жамаатын юбилейи менен куттуктап, финансы-кредиттик мекеменин кызматкерлеринин өз ишин берилгендик менен аткаруусу өлкөнүн финансы рыногунун ырааттуу өнүгүү процессин сактоого олуттуу салым кошкондугун белгиледи.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык, финансы рыногун өнүктүрүү маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

«Бул - фондулук рыноктогу процесстерди жана кызматтарды санариптештирүү, финансылык маркетплейсти ишке киргизүү, мамлекеттик банктарды кошумча капиталдаштыруу, ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүү жаатында актуалдуу саналган санариптик сомду тестирлөө», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, учурда орун алган геосаясий абалда тышкы финансылык рыноктордо Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык өнөктөштөрү саналган өлкөлөрдүн валюталарынын курсунун жогорку туруксуздугу байкалууда.

«Улуттук банктын алдында тийиштүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун сактоо боюнча жооптуу милдет турат. Бул жагдай Улуттук банктын улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, финансы-банк тутумунун туруктуулугун камсыздоо, ошондой эле калктын финансылык институттарга болгон ишенимин сактоо боюнча ишти уланта турган финансылык институт катары маанилүүлүгүн көрсөтүп турат», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров жана банктын ар бир кызматкеринин аталган ишти аткаруудагы жоопкерчилигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий