• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акыркы 4 жылда 17,5 миң киши КР жарандыгын алса, анын 14 миңин этникалык кыргыздар түзөт

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Акыркы 4 жылда 17,5 миң киши КР жарандыгын алса, анын 14 миңин этникалык кыргыздар түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, КР жарандыгын алуу жана андан чыгуу боюнча эсеп "Инфоком" ишканасы тарабынан иштелип чыккан "Жарандык" маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.

"2016-2019-жылдар аралыгында Кыргызстандын жарандыгына алуу боюнча 17 миң 512 арыз катталган. Алардын басымдуу бөлүгүн же 80%ын – 14 миң 1 кишини этникалык кыргыздар түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда 2016-2019-жылдар аралыгында Кыргызстандын жарандыгынан 8 миң 816 киши чыккан.

Белгилей кетсек, 6 миң 791 этникалык кыргыз Өзбекстандан келген. Жалпы, Өзбекстандын 8 миң 473 атуулу КР жарандыгын алган. Тажикстандын 7 миң 124 жараны КР жарандыгын алса, алардын 6 миң 480и этникалык кыргыз болушат. Кытайдын 181 атуулу КР жараны болсо, алардын 137си этникалык кыргыздар.

Өзбекстандан келгендердин көбү Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Ош облусунда турушат. Ал эми Тажикстандан келгендер Чүй, Баткен, Ош облустарында жана Бишкек шаарында орун алышкан.

Мамлекеттик каттоо кызматынан белгилешкендей, КР жарандыгына алуу жана чыгаруу тууралуу жарлыкка КР президенти кол коет.

Пикир

Оставить комментарий