Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын ноябрь айында Аламүдүн РИИБине Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 7-12-ноябрь күндөрү белгисиз адамдар анын үйүнө терезе аркылуу кирип, үч телевизор, бир комплект колонка жана эки кол саатын уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жана “Каракчылык-Тоноо” рейддик иш-чараларынын алкагында жогорудагы кылмышка шектелип 1995-жылы туулган О.Б. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий