• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүндө 140 орундуу бала бакчанын курулушу толук бүткөрүлдү

Билим 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында курулушу дээрлик 10 жыл бүтпөй турган бала бакча бүткөрүлүп, колдонууга тапшыруу алдында турат.

Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, объектти куруу иштери 2014-жылы башталып, бүткөрүлбөй келген.

Долбоорго ылайык, балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн санитардык нормаларды сактоого жана билим берүү программаларына ылайыкталган шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим чечүүчү жайлар, ашкана, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр.

Андан тышкары, гимнастика менен машыгуу үчүн, музыкалык сабактар өтүүчү үчүн өзүнчө бөлмөлөр жана медициналык кабинет каралган. Ошондой эле бөбөктөр үчүн эң керектүү заманбап оюн-зоок аянтчасы да бар.

Пикир

Оставить комментарий