• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аравандагы жаңжал: Райондук милициянын жетекчиси кызматтан алынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда коомдук тартипти камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн райондук милициянын жетекчиси, милициянын полковниги С.Исмаилов кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, милициянын бир катар кызматкерлери да тартип жазасына тартылды.

“Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чагымчыл кылгандарга, атайылап мушташ чыгарган жарандарга жана коомдук тартипти бузгандарга Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кескин катуу чараларды көрөт жана коомдук тартип бузууга жол бербейт. Үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө кимде ким атайылап коомдук тартипти бузууга, мушташка, баш аламандыкка жол бере турган болсо тартипке чакырылат, эч ким жоопкерчиликсиз калбайт. Шайлоо мыйзамдарын бузган жарандар катуу жазага тартыла тургандыгын эскертебиз. Шайлоого байланышкан бардык иш-чараларды өткөрүү учурунда саясий партиялар, айрыкча эл менен жолугушуулардын графиги жана графиктен тышкары да жолугушуулар боюнча маалыматтарды коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарына билдириши керек.

Ал эми Араван районунда катталган факт боюнча сотко чейин өндүрүш учурунда тергөө акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт, ошондой эле күнөөлүүлөр сөзсүз жазага тартылат. Тактап айта кетсек, кечээ, 20-сентябрда Ош облусунун Араван районунун Араван айылында Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чогулгандардын арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш башталды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий