• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аткезчилик жол менен ташылып келген эки унаа кармалды – Бажы кызматы

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Аткезчилик жол менен ташылып келген эки унаа кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген "Renault Premium" жана "DAF FA95.430" унаалары кармалды.

Мамлекетке келтирилген жалпы зыяндын көлөмү 3 миллион 700 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий