• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунда Эгемендүүлүк майрамына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.08.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Кѳл облусунун Каракол шаарында 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу аземге катышты.

Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин куттуктоосун окуду жана Кыргызстан элине амандык жана өлкөдө гүлдөп өнүгүү менен тынчтык каалады.

Майрамдын урматына кол өнөрчүлөрдүн, ашпозчулардын көргөзмөлөрү коюлуп, театралдаштырылган оюн-зооктор жана спорттук оюндар дагы уюштурулган.

Салтанаттуу аземден кийин Бакыт Төрөбаев Каракол шаарында жаңы ишке берилген асфаль-бетон жана темир-бетон заводдорунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Белгилей кетсек бул заводдор “Каракол-ѳнүгүү чекити” долбоорунун алкагында салынып, быйыл ишке берилди.

Андан ары МинКаб Төрагасынын орун басары ушул эле шаарда жайгашкан таштандыны кайра иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Белгилей кетсек, бул заводдо таштандылар кайра иштетилип, андан ары баштапкы чийки зат (гранул) өндүрүлөт, ошондой эле пластикалык куурларды, бордюрларды жасайт.

Пикир

Оставить комментарий