• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балдарды социалдык жактан адаптациялоо борборундагы бөбөктөргө майрамдык маанай тартууланды

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда кечээ, 1-июнда Балдарды коргоо күнү белгиленди. Аталган майрамдын алкагында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун (РДЧМКБ) адистери Бишкек шаарындагы Балдарды социалдык жактан адаптациялоо борборундагы балдар менен жолугушту. Бул тууралуу РДЧМК борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын демилгечиси, РДЧМК борборунун коом менен байланыш боюнча адиси Жеңишгүл Тоголокова балдар үчүн атайын куурчак театрын даярдаган.

Ошондой эле балдарга колду туура жуу боюнча мультфильм көрсөтүлүп, борбордун атынан белектер жана таттуулар тапшырылды. Иш-чарага 48 бала катышты.

Социалдык жактан адаптациялоо борборунун тарбиячысы Кундуз Калдымолдоеванын айтымында, борбордо 4 жаштан 18 жашка чейинки балдар жашайт.

“Биздин борборго балдарды күнү-түнү кабыл алабыз. Алар бул жерде 6 ай жашашат, андан кийинки жашай турган жерин комиссия чечип, жөнөтөт. Айрым балдар эки-үч жолудан кайрадан түшөт. Негизи балдар бизди угушат, мектепке барып-келип окугандары бар, кружокторго кызыгып катышышат”, - деп кошумчалады Калдымолдоева.

Пикир

Оставить комментарий