• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Баткен: Облустук кеңешмеде коронавирус оорусу менен күрөшүү үчүн түзүлгөн шарттар талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Баткендеги эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус оорусунун экинчи толкунуна даярдык облустук кеңешмеде каралды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеде өкүлдүн орун басары Чынара Саттарова саламаттык сактоо кызматкерлеринин маалыматын угуп, алдыда аткарылуучу иш пландар талкууланды.

Жыйында 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде Covid-19 вирусунун болжолдонгон экинчи толкунуна Баткен облусунун даярдыгы боюнча төмөнкүдөй маалыматтар айтылды.
1. Баткен облустук саламаттык сактоо мекемелери COVID-19 илдетинин 2-толкунуна даярдык көрүү үчүн, атайын дистанциондук окутуулардан өтүүдө. Ошондой эле COVID-19 илдетинин лабораториялык жол менен аныктоо үчүн 2 дарыгер-вирусологтор жана 3 лаборанттар окуудан өтүштү.
2. Сасык тумоого каршы 37 миң 900 доза вакцинага талап каттары жиберилген болсо, анын 9миң дозасы бүгүнкү күндө берилүүдө.
3. Үй-бүлөлүк медицина борборунун эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдон өтүп, жаңыдан даярдалып жаткан 90 орундуу оорукананын штаттык бирдиктери чечилип, медициналык жабдуулар менен камсыз кылынууда.
4. Ал эми коргонуучу каражаттардын 3 айга жетүүчү запастары бар.
5. Обсервация үчүн 2000 орундук даярдалган.
6. Жергиликтүү бийлик тарабынан 133 мекемеде медициналык жардам көрсөтүү үчүн 1617 керебет күндүзгү стационарларда даярдалган.

Жыйындын соңунда Чынара Саттарова облуска компьютердик томография орнотуу жана ооруканаларда дагы 600гө жакын стационардык орун даярдоо боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий