• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен облусунда коомдук-саясий абал туруктуу — милиция

Аймак 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Тиешелүү орган кызматкерлерине күндүзгү жана түнкү рейддерди уюштуруп, коомдун коопсуздугун, жол коопсуздугун сактоо максатында элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Кээ бир аймактарда ыктыярдуу элдик кошуундар да милиция кызматкерлерине жакындан көмөк көрсөтүүдө. Мобилдик топторго бөлүнүп иш алып барып жаткан ИИОнун кызматкерлери өлкөдө күч алган жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында жер-жерлерде санитардык эрежелердин нормаларын сактоону, той-аштарды токтотууну талап кылууда", - деп айтылат маалыматта.

Баткен облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренесинин ("ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу") негизинде 155 протокол толтурулуп, 46 миң 500 сом айып салынган.

Ал эми 9 ай ичинде Бузуулар кодексинин негизинде 661 протокол түзүлгөн.

Анын ичинен:

- ылдамдыкты ашырып айдоо - 3384,

- тиешелүү документи жок унаа башкаруу - 207,

- мас абалында унаа башкаруу - 438,

- унаанын терезесин караңгылатуу - 130. Айып унаа токтотуучу жайга 842 унаа киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий