• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде чек ара аймагындагы милициянын имараттарынын пайдубалына капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Баткенде чек ара аймагындагы милициянын имараттарынын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратына жана ошол аймакты тейлеген милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө милициянын аймактык пунктуна, ошондой эле Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратына капсула салуу аземи болду.

Бул аземге Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов, Баткен РИИБдин башчысы милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев, Баткен ШИИБдин башчысы милициянын подполковниги Турдубай Саматов, Баткен шаарынын мэри, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү тургундар, айыл аксакалдары катышты.

Баткен ШИИБдин жаңы имараты шаардын Чет-Булак кварталынан 50 сотых жерге 3 кабаттуу болуп, бардык шарттары менен курулат. Имаратта убактылуу кармоо жайлары, короосунда автоунаа токтотуучу жайлар, спорттук, саптык аянттары менен курулуп, кызматкерлерге бир канча жеңилдиктерди жаратат.

Бул имараттардын курулуусу бүгүнкү күндүн талабына ылайык, кызматкерлерге жана арызданып келген жарандарга заманбап типтеги жеңил шарттарды түзүү жана ыңгайсыздыктарды жоюу максатында башталды.

Жергиликтүү бийлик тарабынан атайын жер тилкелери ажыратылып берилип, заманбап типтеги имараттарды курууну Кыргыз Республикасынын ИИМдин куруу монтаждоо башкармалыгы колго алган.

Кыргыз Республикасынын ИИМ министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков бул имараттардын курулуп ишке берилүүсүн Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы, тактап айтканда ушул жылдын 1-ноябрына белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий