• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде координациялык кеңешме өтүп, облус аймагындагы көйгөйлүү маселелер талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 10.06.23. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча координациялык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешменин күн тартибинде негизги үч маселе каралды. Алар:

1. Диний экстремизмге каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча;

2. Жол коопсуздугун камсыздоо жөнүндө;

3. Окуучулардын жайкы эс алуу мезгилинде балдардын сууга түшүү жана башка коопсуздугун камсыздоо жөнүндө.

Кеңешмеге район-шаар башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, дин кызматынын өкүлдөрү менен маселеге тийиштүү бардык жетекчилер катышты.

Жыйында 24-майда Кызыл-Кыя шаарындагы мектепте окуучулар катышкан "ИГИЛ" террордук уюмунун желегин илүү фактысы боюнча, облус башчысы шаардын мэрине тапшырма берди. Ага ылайык социалдык тармак боюнча мэрдин орун басарына, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына, мектеп директоруна чара көрүү, кызмат ордун кароо тапшырылды.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин маалыматында, бул окуя боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору кызматтан алынды жана аймактык тескөөчүсүнө чара көрүлдү.

Ал эми Кадамжай районунда 1-июнда мектеп мугалими менен окуучуларынын катышуусунда катталган жол кырсык боюнча класс жетекчисин кызматтан алуу, тийиштүү башка жетекчилерге чара көрүү тапшырылды.

Кеңешменин жыйынтыгы менен белгиленген маселелердин алдын алуу боюнча сунуш пикирлер айтылып, чечимдер кабыл алынды.

"Облус аймагындагы жаш өспүрүмдөр катышкан акыркы окуялар чоң коркунуч жана чакырык, бул алдын алуу иштеринин натыйжасыз экенин көрсөттү", - деп белгилеген ыйгарым укуктуу өкүл көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды.

Ошондой эле тийиштүү органдарга төмөндөгүдөй милдеттер коюлду:

- диний кырдаалга такай байкоо жүргүзүү, көзөмөлдөө;

- мечит медереселердин ишмердүүлүгүн текшерүү;

- имамдардын билим деңгээлин кароо;

- дааватчыларды көзөмөлдөө;

- мечиттердеги иш-чараларда мамлекеттик тилди, көп улуттуу аймактарда расмий тилди колдонуу, мамлекеттик тил мыйзамдарын сактоо;

- жума намаздарын улут, уруу болуп бөлүнүп окууга бөгөт коюу;

- жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу;

- жайкы эс алуу мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Пикир

Оставить комментарий