• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бажычылар КРнын аймагына 3 чет элдик унааны киргизүүдө мыйзам бузууларды аныкташты

Укук тартиби 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчилик менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагына чет элдик унааларды киргизүүдө мыйзам бузууларды аныкташты.

МБК басма сөз кызматы билдиргендей, 2003-жылы чыккан «Дайхатсу-Сирион», «Тойота-Каролла» (2003-ж.), «Лексус LS430» (2005-ж.) унаалары алынып келинген. Унаалар алыскы чет өлкөдөн келип, алуучулар КР жарандары болуп саналышат. Бажы төлөмдөрүнүн (зыяндарынын) жалпы суммасы 2 436 061,278 сомду түзөт.

Ошондой эле, “Түндүк” темир жол бажысынын аткезчилик менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан текшерүү иштеринин жүрүшүндө жалпы баасы 44 миң 200 доллар болгон муздаткыч “Г” ЖЧКсы тарабынан негизги максатынан тышкары колдонулгандыгы аныкталган. Бажы төлөмдөрүнүн суммасы 222 миң 890 сомду түзөт.

Бардык фактылар боюнча иштин материалдары КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматына өткөрүп берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий