• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кытай ветеринардык жана фитосанитардык чөйрөдө КР менен кызматташтыкты күчөтүүгө даяр

Саясат 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. КРнын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов менен КРнын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Пекин шаарында Кытайдын сапатты көзөмөлдөө, инспекция жана жана карантин боюнча башкы башкармалыгынын директорунун орун баары Сунь Давэй менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандан Кытайга айыл чарба азыктарын экспорттоону жакшыртуунун зарылдыгын белгилешти. К.Жумаканов кыргыз тараптын Кытайга сүт, эт азыктарын, бал жана башкаларды экспорттоого кызыктар экенин белгиледи. Сунь Давэй кытай тараптын фитосанитардык жана ветеринардык чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты бирдиктүү алдыга жылдыруу жана бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, үчтүбүздөгү жылы 14-мартта кыргыз делегациясынын Кытайдын айыл чарба министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуусу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий