• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Берлиндеги көргөзмөдө кыргыздын кийизден жасалган буюмдары көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. 8-12-ноябрда Берлин шаарындагы "Messe Berlin" көргөзмө комплексинде кол өнөрчүлөрдүн жыл сайын өтүүчү ири эл аралык "Bazaar-Berlin" көргөзмө-жарманкеси өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл көргөзмөнүн алкагында "Тумар", "Кыргыз кол өнөрчүлөрү" ишканаларынын, ошондой эле Евгений Зайберт фирмасынын кыргыз улуттук кийизден жасалган буюмдары тартууланды.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жогоруда аталган компаниялардын көргөзмөсүнө барып, алардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Берлиндеги кыргыз диаспорасынын активдүү өкүлдөрүнүн бири Асел Темиралиева-Майер "Messe Berlin" көргөзмө комплексинин Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча өкүлү болуп эсептелет жана жыл сайын Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн да өкүлдөрүнүн Берлиндеги бул ири көргөзмө комплексинде ар жыл сайын болуп турган көргөзмө-жарманкелерине катышуусуна жардам берип келет.

60 жылдан ашуун мезгилден бери "Bazaar Berlin" көргөзмөсү дүйнө жүзүндөгү кол өнөрчүлүк, дизайн, табигый буюмдар жана кллмдо колдонуучу буюмдардын маанилүү эл аралык жарманкеси болуп саналат.

Бул ири көргөзмөгө катышуу менен Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү Германиянын жана башка өлкөлөрдүн кол өнөрчүлөрү менен байланыш түзүп, кыргыз маданиятын немис жергесинде жайылтууга салым кошо алышат. Кыргызстандын кийизден жасалган буюмдары өзүнүн табигый жана жакшы сапаты менен айырмаланып, Германия менен Европанын тургундарынын арасында кеңири белгилүү болууда.

Пикир

Оставить комментарий